Редакцияот 31.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СΥЛΥКТΥ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы)  X сессиясы

 

2022-жылдын 31-январы № 35

 Сүлүктү шаардык кенешинин 2022-жылга  иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү”  Мыйзамынын    3 главасынын, Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 10-главасынын негизинде, шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин жана депутаттардын  сунуштарын угуп жана талкуулап  Сүлүктү  шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2022-жылга иш-планы бекитилсин  (иш план тиркелет)

Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2022-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын  камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                              К. Мадаминов

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш)

Х  сессиясынын 31.01.2022ж.      

          №  35 токтомуна тиркеме

 

 

Сүлүктү шаардык кенешинин 2022-жыл үчүн иш- планы

I.Сеесияда каралуучу маселелер

 

№

Каралуучу маселелер

Аткарууга жооптуулар

Маселени даярдоого жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

I  квартал

 

1

Сүлүктү шаарын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү (шаардын мэринин программасы)

 

Шаардын мэри

М. Кадыркулов

Туруктуу комиссиялар

I -квартал

2022-жыл

2

Сүлүктү шаарынын 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

 

Шаардык мэрия

Каржы бөлүмү

Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы

I -квартал 2022-жыл

3.

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш) регламентине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Шаардык кеӊештин аппараты

Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия

I- квартал 2022-жыл

4

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы 

Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы

Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы

I- квартал 2022-жыл

 

 

 

II квартал

 

1

 

 

 

 

Шаарды куруунун башкы планы жана шаардын аймагында шаар курулуш ченемдердин  сакталышы жөнүндө

 

Шаардык мэрия

Шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы

Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы

II квартал

2022-жыл

 

 

 

2

“Сүлүктү тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө

“Сүлүктү тазалык” муницпалдык ишканасынын жетекчиси

Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология боюнча  туруктуу  комиссиясы

II- квартал

2022-жыл

3

“Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө

“Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын жетекчиси

Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология боюнча  туруктуу  комиссиясы

II -квартал

2022-жыл

4

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуу

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн башчысы

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт  боюнча туруктуу комиссиясы

II -квартал

2022-жыл

 III квартал

 

1

Жергилктүү маанидеги иштердин жана Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 6 айга аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин отчетуШаардагы көмүр өндүрүүчү ишканалардын көмүр өндүрүүнүн көлөмү боюнча  шаардык мэриянын маалыматы

Шаардын мэри М. Кадыркулов КРнын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы Шаардык салык кызматынын башчысы

 

Туруктуу комиссиялар

III- квартал

2022-жыл

2

Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аткарган иштери жөнүндө маалымат

Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт  боюнча туруктуу комиссиясы

III - квартал

2022-жыл

3

Шаардык билим берүү мекемелериндеги 2022-2023-окуу жылына даярдыгы боюнча

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт  боюнча туруктуу комиссиясы

III - квартал

2022-жыл

4

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн шаардын аймагында коомдук коопсуздукту  жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалыматын угуу

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнги

Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия

III - квартал

2022-жыл

IV квартал

1

Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунун аткарган иштери боюнча маалымат

Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт  боюнча туруктуу комиссиясы

IV квартал

2022-жыл

2

Шаардын аймагында күз кыш айларына даярдык иштеринин абалы жана шаардагы көмүр өндүрүүчү ишканалардын көмүр өндүрүүнүн көлөмү боюнча  шаардык мэриянын маалыматы

Шаардык мэрия

Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология боюнча  туруктуу  комиссиясы

IV квартал

2022-жыл

3

Шаардын аймагында жугушуу оорулардын алдын алуу иштеринин жүргүзүлүшү жөнүндө 

 

Сүлүктү шаардык ЖДПБнун башчысы

Шаардык ооруулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык борбору

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт  боюнча туруктуу комиссиясы

IV – квартал

2022-жыл

4

Слүктү шаарынын 2022-жыга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун аткарылышы жөнүндө

Шаардык мэрия  

Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы

IV квартал

2022-жыл