Редакцияот 19.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Чий  айылдык  кенешинин VII чакырылышынын  кезексиз  XII сессиясы

2022-жылдын 19-сентябры  № XII/1

Ак- Чий  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  Элдик  курултайын  чакыртуу  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2022-  жылдын  15-  августундагы « Элдик Курултайды  чакыруу  жөнүндө» № 284  Жарлыгын  жетекчиликке  алып, сессияда чыгып  сүйлөгөн  депутаттардын  ой- пикирлерин  эске  алып  Ак-  Чий  айылдык  Кеңеши 

 

Токтом кылат:

1.    Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2022-  жылдын  15-  августундагы

« Элдик Курултайды  чакыруу  жөнүндө» № 284  Жарлыгы  жетекчиликке  жана  аткарууга  алынсын.

2     .Ак-  Чий  айыл  аймагынын  калкынын  саны 1309   болгондуктан  жергиликтүү  курултайдын  делегаттарынын  жалпы  саны  20 деп  бекитилсин.

3. Жергиликтүү  курултайдын  делегаттарын  шайлоону  уюштуруп, өткөрүүгө  жумушчу  тобунун  курамы  № 1  тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

(тиркеме  1 баракта)

4. Жергиликтүү  курултайга  Ак-  Чий  айыл  аймагында  Ак-  Чий  жана  Жаңы- Тилек  айылдарынын  көчөлөрдүн  санына  жараша  айыл  пропорционалдуу  №2 тиркемеге  ылайык  шайлансын. (тиркеме  1- баракта)

5. Ак-  Чий  айыл  аймагында  жергиликтүү  курултайдын  делегаттарын  шайлоо  боюнча  тургундардын  жыйындарын  өткөрүү  2022-  жылдын  15-  октябрынан  20- октябрына  чейин  деп  белгиленсин(№3  тиркемеге  ылайык).

6. Элдик  курултайдын  делегаттарын  шайлоо  боюнча  жергиликтүү  курултайды  өткөрүү 2022-  жылдын  5- ноябры  деп  белгиленсин ( №4 тиркемеге  ылайык).

7. Ушул  токтом  Ак-  Чий  айыл  өкмөтүнүн  каттосунан  өткөрүлүп, « ak-chiy.el.kg»  веб  сайтка  жарыялоо  жагы  Ак-  Чий  айыл  өкмөтүнүн  жооптуу  катчысы  Б. Балтабаевага  милдеттендирилсин.

8. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөөнү  өзүмө  калтырамын.

 

  Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                    У. Жалилов

 

 

Ак-Чий айылдык кенешинин

19-сентябрь 2022-ж

№ XII/ 1 сессиясына

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгынын негизинде түзүлгөн уюштуруу комитетинин курамы

-       Ак-Чий айылдык  кеңешинин төрагасы-У.Жалилов

-       Ак-Чий айыл аймагынын жооптуу катчысы-Б.Балтабаева

Мүчөлөрү

-       Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары-Ш.Турумбеков

-       Ак-Чий айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы-Дадактаев.С

-       Ак-Чий айылынын  жаштар уюумунун төрагасы-Маамет уулу К

-       Аксакалдар кеңешинин мүчөсү-Абдраимов.М

-       Ак-Чий айылынын аялдар кеңешинин төрайымы-Рыспаева.М

-       Жаңы-Тилек айылынын аялдар кеңешинин төрайымы-Турумбекова .А

-       Жаңы-Тилек  айылынын аялдар кеңешинин мүчөсү-Койчуманова.А

 

 

Ак-Чий  айылдык  кеңешинин

VII чакырылышынын  кезексиз

ХII сессиясынын 2022-жылдын

19-сентябрындагы  ХII/1 токтомуна

                                                                              №2  тиркеме

 

Ак-  Чий  айыл  аймагында кварталдар ичинде   жергиликтүү  курултайынын  делегаттарынын  саны  жана  квотасы

 

№

Айылдардын  жана  көчөлөнүн  аталышы

Калкынын   саны

1  квотага  тийиштүү  калктын  саны 

Берилүүчү  квотанын  саны

Гендердик  баланс 

30 % (аял)

Ак-  Чий  айылы  боюнча

1

Ак-Чий айылы   Уста  Турдуке,  көчөсү

Ак-Чий айылы

Ч.Секиев көчөсү

Сарай

3-4-5-8-7-квартал

120-жаран

1-2-6-квартал

65 жаран

Сарай-15 жаран

Жалпы 190

 

69,8%

10

6-эркек

4-аял

Жаны-Тилек  айылы

2

Жаны- Тилек  айылы К.Байгашкаев  көчөсү Т.Байсалов көчөсү

К.Байгашкаев көчөсү

6-7-8 квартал 74 жаран

 

Т.Байсалов көчөсү

1-2-3-4-5 квартал 85 жаран

Жалпы 159 жаран

69,8%

10

7-эркек

3-аял

 

Жалпысы  2   айылды  кошкондо:

349 жаран

69,8%

20-делегат

13-эркек

7 -аял

 

 

 

Ак-Чий  айылдык  кеңешинин

VII чакырылышынын  кезексиз

ХII сессиясынын 2022-жылдын

19-сентябрындагы  ХII/1 токтомуна

№3  тиркеме

 

2022-жылдын 15-октябрдан  20-октябрына чейин  Ак-Чий айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо  боюнча  тургундардын жыйындарын өткөрүү

ГРАФИГИ

№

Айылдардын жана көчөлөрдүн аталышы

Чогулуш өтүүчү жер

убактысы

уюштуруучулар

Ак-Чий айылы

1

Ак-Чий жана  Уста  Турдуке,Ч.Секиев  көчөлөрү

Ч.Секиев  көчөсү

Айылдык  клуб

15.10.2022- ж саат  14:00

Айылдык  кеңеш, жергиликтүү  курултайды  өткөрүү  жана уюштуруу  боюнча  жумушчу  тобу

Жаны-Тилек  айылы

 

Жаны- Тилек  айылы К.Байгашкаев  жана  Т.Байсалов көчөлөрү

Т.Байсалов  көчөсү

Айылдык клуб

16.10.2022-ж  саат 10:00

Айылдык  кеңеш, жергиликтүү  курултайды  өткөрүү  жана уюштуруу  боюнча  жумушчу  тобу

 

 

 Ак-Чий  айылдык  кеңешинин

VII чакырылышынын  кезексиз

ХII сессиясынын 2022-жылдын

19-сентябрындагы  ХII/1 токтомуна

№4  тиркеме

Ак-Чий айыл аймагында  Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо  боюнча

Жергиликтүү  курултайды  өткөрүү

 

№

Айыл аймак

Чогулуш өтүүчү жер

убактысы

 Уюштуруучулар

1

Ак-Чий айыл өкмөтү

Ак-Чий айылдык  клубу

05.11.2022-ж

Айылдык  кеңеш,жергиликтүү  курултайды  уюштуруу  жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

 

 

Жооптуу катчы:                                                                                                                                                                                                                                                                                                                 Б.Балтабаева