Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-апрели № 166 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорунКыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: - түрдүү жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөртиешелүү жөндөмөдө "Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" дегенсөздөргө алмаштырылсын; - "УКМ" деген аббревиатурасы алып салынсын. 2. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "8-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын системасы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүүсистемасын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттикорганы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттикорганынын облустук башкармалыктары (бөлүмдөрү) жана анын карамагындагышаардык, райондук бөлүмдөр, ошондой эле чалгындоого каршы аскердик ор-гандар түзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик орга-нынын түзүмү жана ишмердигин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-нан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамле-кеттик органы жөнүндө жобо менен аныкталат.". 3. 9-статьяда: - биринчи бөлүктөгү "(мындан ары текст боюнча Улуттук коопсуздукбоюнча мамкомитет)" деген сөздөр алып салынсын; - экинчи бөлүктөгү "Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин" де-ген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет-тик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын. 4. 10-статьяда: - биринчи бөлүктөгү "Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин" де-ген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет-тик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; - экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Оперативдүү-кызматтык ишмердикте Улуттук коопсуздук боюнча мамле-кеттик органынын облустук башкармалыктары (бөлүмдөрү) жана анын карама-гындагы шаардык, райондук бөлүмдөр жергиликтүү бийлик органдарынан жанабашкарууларынан көз карандысыз.". 5. 12-статьянын биринчи жана экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакциядаберилсин: "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик ор-ганынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайында-лат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик орга-нынын жетекчиси ушул органга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жооп-керчилик тартат.". 6. 17-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөргө алмаш-тырылсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти