Редакцияот 09.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги  XXIV сессиясы

 

2022-жылдын 9-декабры № 31 

 

Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы- Арык айылындагы  мамлекеттик менчиктеги №320 контурундагы 0,07га сугат айдоо  жер аянтын жана №320 контурундагы Айыл чарба  жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ)  0,08 га сугат айдоо, жалпы 0,15 га  сугат айдоо жер аянттарын жерлердин “Айыл чарба багытындагы  жерлер ” категориясынан жерлердин  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун  жерлери жана башка  багыттагы  жерлер”  категориясына  которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Самаркандек  айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу М Касымовтун билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап, Самаркандек  айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги   ХXIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2022 Аскер бөлүгүнүн Самаркандек   чек ара заставасына блок пост куруу   максатында Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы- Арык айылындагы  мамлекеттик менчиктеги №320 контурундагы 0,07 га сугат айдоо  жер аянтын жана №320 контурундагы Айыл чарба  жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) 0,08 га сугат айдоо, жалпы 0,15 га  сугат айдоо жер аянттарын жерлердин “Айыл чарба багытындагы  жерлер ” категориясынан жерлердин  “Өнөр жайынын , транспорттун , байланыштын , энергетиканын , коргонуунун  жерлери жана башка  багыттагы  жерлер”  категориясына  которууга макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

М.Тулаев