Редакцияот 09.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги  XXIV сессиясы

 

2022-жылдын 9-декабры № 36 

 

Самаркандек муниципиалдык базарынын ай сайын төлөнүүчү төлөмүнөн убактылуу бошотуу  жөнүндө

 

Самаркандек муниципиалдык базарынын жетекчиси  У.Темирбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIVсессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2022- жылдын 14-16- сентябрь кундөрү тажик кыргыз  чек арасындагы куралдуу кагылышууда Самаркандек айыл аймагынын калкы  эвакуацияланып Баткен районуна өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу  Самаркандек муниципиалдык базары 2022-жылдын  14- сентябрынан 14- ноябрына чейинки эки ай өлчөмүндөгү төлөмүнөн бошотулсун.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Самаркандек айылдык Кеңешинин экономика-финансы, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш,муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Ражаповко тапшырылсын.

 

Төрага

М.Тулаев