Редакцияот 09.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги  XXIV сессиясы

 

2022-жылдын 9-декабры № 38 

 

Самаркандек айыл өкмөтүнүн  карамагындагы жайыт жерлер жөнүндө

 

Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт комитетинин  төрагасы И.Абдурахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык кенешинин V чакырылышынын   кезектеги XXIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайыт комитетинин төрагасы И.Абдурахмановдун  жайыт боюнча жүргүзгон иштери жөнүндөгү билдирүүсү көңүлгө алынсын .

 

2. Жайыттарды туура пайдалануу, тиешелүү  жумуштарды аткаруу, жайыт акыларын өз убагында жыйноо жана өз кезегинде  пайдалануу жагы жайыт комитетине  милдеттендирилсин.

 

3. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө ” мыйзамына ылайык жайытттардан тушкөн кирешкелердин 3/1 бөлүгүн  жайыт комитетине калтарылсын .

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагын Самаркандек айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Таабалдыевана тапшырылсын.

 

Төрага

М.Тулаев