Редакцияот 03.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги  XXIII сессиясы

 

2022-жылдын 3-октябры № 29 

 

Самаркандек айыл  аймагындагы ардагерлер кеңешинин төрагасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Самаркандек айыл аймагынын ардагерлер Кеңешинин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин экономика – финансы бюджет, муниципиалдык менчик  маселелери боюнча  туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын  кезексиз ХXIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн бюджетинин турдүү чыгымдар беренесинен ай сайын 3 000 (үч миң) сом бөлүнүп Самаркандек айыл аймагынын ардагерлер Кеңешинин төрагасына төлөнүп берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык Кеңешинин экономика – финансы бюджет, муниципиалдык менчик маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы экономика боюнча  бөлүм башчысы Э. Ражаповко тапшырылсын.

 

Төрага

М.Тулаев