Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 31-марты №35

Кара-Ой айылынын  тургуну Чомоев Нургазынын  жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Ой  айылынын   тургуну  Чомоев Нургазынын   жазган   кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой  айылынын Дубаш уулу Ибраим  көчөсүнүн №22 дарегиндеги идентификациялык номери 6-04-05-1002-0641 өзүнө тиешелүү 2000м.кв жер участогунун 42м.кв жеринин  максаттык багытын коммерциялык багытка өзгөртүүгө уруксат берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

С. Осмонов