Редакцияот 23.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2022-жылдын 23-ноябры № 18

Муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү,  ижара акыларын бекитүү жөнүндө

КР  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамдарынын, КР Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобонун”, КР Өкмөтүнүн 29.03.2019-жылдагы “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун”  талаптарына ылайык,  муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү, ижара акысын бекитүү  боюнча Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун  20.11.2022-жылдагы чыгыш № 01-17-665 сандуу сунушу Токтогул шаардык кенешинин шаардык “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган.

Туруктуу комиссиянын корутундусу боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акылары  ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу боюнча  түзүлгөн баардык келишимдер жаңы бекитилген ижара акыларына ылайыкталып кайрадан түзулсун (экинчи тарапка бир ай мурда билдирүү жөнөткөндөн кийин).  

3. КР Өкмөтүнүн 29.03.2019-жылдагы “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого” ылайык, 2023-жылдан баштап, муниципалдык менчикти ижарага берүүнү электрондук форматта жүргүзүү сунушталсын.

4. КР”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндү мыйзамына ылайык, Токтогул шаар аймагындагы муниципалдык менчик объекттерине укук берүү, тескөө, башкаруу, менчиктештирүү тартибин аныктоочу жобо иштелип чыксын жана кеңештин кароосуна бекитүү үчүн сунушталсын.

5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановго  милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Б.Дүйшоналиев) жүктөлсүн.

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

10. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  29.10.2018-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 20 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

Төраганын орун басары

М. Курбанов

 

 

Тиркеме

 

Токтогул шаардык кенешинин

                                                                                                 XXIX  чакырылышынын

                                                                              кезексиз VII   сессиясынын                

                                                                           23.11.2022-жылдагы № 18

                                                                                                         токтому менен бекитилди

 

Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн  ижара акылары

№

Жерлердин максатка ылайык пайдаланылышы

 

Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүнүн тарифтик баасы, сом/м2  

бир айга

Аянты

сумма (сом)

11

Дүкөндөр, киоскалар, ларектер жана башка соода-сатык түйүндөрү, банктар, ломбард, акча алмаштыруучу жайлар, кичи базарлар, базарлар, соода комплекстери, жалпы аянты 20 м2 чейинки жерлер, ошондой эле аянты 200 м2 чейинки жерлер, 200м2 жогорку жерлер

Тамак-аш ичүүчү жайлар, ошондой эле башка кызмат көрсөтүүчү жайлар

20м2 чейин

200

200 м2 чейин

150

200 м2 жогору

 

80

22

Мейманканалар, оюн зоок жайлары

1000 м2 чейин

10

1000 м2 жогору

5

Ар бир велосипеддин жүрүүсүнө

1 даана

400

33

Офистер, бизнес борборлору

1 м2

100

44

Сауналар, банялар, тазалоочу (химиялык), краскалоочу  жайлар,  автоунаа ондоочу, май куйуучу жайлар (АЗС) , күйүүчү-майлоочу майларды сактоочу жайлар

1м2

100

55

Көрнөк, жарнактар  үчүн

1 м2

350

66

Административдик имараттар

1 м2

100

77

Кызматтык-техникалык аймактар

1 м2

100

88

Өнөржай ишканалары, коммерциялык илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт уюмдарынын мекемелери

1 м2

100

99

Айыл чарба, өнөр жай ишканалары

1 м2

100

110

Багбанчылык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү  үчүн берилген жерлер

1 м2

10

111

Байланыш, теле-радио түйүндөрү үчүн (келишим баада)

1 м2

300

112

Айдоо аянттары

1 м2

10