Редакцияот 26.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз он төртүнчү сессиясы

 

2022-жылдын 26-декабры №14/1

 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизуу жөнүндө”

№ 4- мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде 2023-жылдын 1-январына карата мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” № 4- мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Кашка-Суу айыл аймагына 2023-жылдын 1-январына карата мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн салыкчысы Н.Керимкулованын билдирүүсүн жана Кашка-Суу айылдык кецешинин бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 19-декабрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;

1.    2023-жылдын 1-январынан тартып Кашка-Суу айыл аймагына мүлк салыгы киргизилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин № 388 - беренесинин 1-пунктунун негизинде зоналык Кз 1,0 коэффициент болуп 2023-2024-2025-жылдар .учун бекитилсин.

3.  Токтомдун аткарылышындагы жоопкерчилик Кашка-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.  Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.

5.  Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

6.  Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизуу жана каттоо учун Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.М.Калетовго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                        А. Кулетов