Редакцияот 01.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

 

2022-жылдын 1 ноябры №55

Аз камсыз, ДМЧ, жалгыз бой жардамга муктаж жарандарга  жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳ

 Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдын 31-октябрындагы №01-10-1018, айылдын  аз камсыз, кѳп балалуу жардамга муктаж, жалгыз бой кары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлѳлѳрүнѳ күз-кыш мезгилине  кѳмүр отуну менен камсыздоого жардам кѳрсѳтүү  боюнча кайрылуу катынын негизинде Кууганды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Айылдын аз камсыз, кѳп балалуу жардамга муктаж, жалгыз бой кары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлѳлѳрүнѳ күз-кыш мезгилине  кѳмүр отуну менен камсыздоого айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

 

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ф. К. Токушев