Редакцияот 30.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы

2022-жылдын 30-сентябры № 35

Александровка айыл аймагынын 2023-жылга  калктуу конуштарындагы айыл чарбалык эмес жерлерине  жана короо  участокторуна жер салыгын эсептөө үчүн

К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

Александровка айыл өкмөтүнүн  кирешелер боюнча башкы адиси Ягуза М.И. маалыматын угуп чыгып.

Салык Кодексинин 8-бөлүгүнүн 404-беренесине ылайык жылга  калктуу конуштарындагы айыл чарбалык эмес жерлерине  жана короо  участокторуна жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин керектүүсүнө байланыштуу

 

Александровка айылдык кеңеши  ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.    Александровка айыл аймагынын калктуу конуштарындагы жеке жана коргоо, бакча участокторуна, үйгө жанаша участокторуна зоналдык коэффициент  (К-3) төмөнкү өлчөмдө коюлсун:

Александровка айылы – 1,0

Беш-Көрүк айылы – 1,0

Крупское айылы – 1,0

2.    Александровка айыл аймагынын калктуу конуштарындагы айыл чарбалык эмес жерлерин колдонууга зоналдык коэффициент  (К-3) төмөнкү өлчөмдө коюлсун:

Александровка айылы – 1,2

Беш-Көрүк айылы – 0,9

Крупское айылы – 1,1

3.    Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн кызматкерлерине ушул коэффициентти күнүмдүк ишинде колдонуу сунушталсын.

4.    Ушул токтомдун аткарылышна көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин план-бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Т.Булазовага жүктөлсүн.

 

Александровка айылдык

кеңешинин төрайымы

 

М.Давузова