Редакцияот 13.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы

 

2022-жылдын 13-октябры № 54

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук

программасы жана өнүгүү багытындагы инвестициялык долбоорлор боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын Кара-Суу айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук программасы жана өнүгүү багытындагы инвестициялык долбоорлору боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезектеги 23-сессиясы

 

токтом кылат:

 

1.Кара-Суу айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүнгүүнүн улуттук программасы боюнча түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоору бекитилсин.

 

2.2022-2026-жылдарга өнүгүү багытында аткарылуучу инвестициялык долбоорлору боюнча түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоору бекитилсин.

 

3.Бекитилген пландын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Б. Самсиев