Редакцияот 13.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы

 

2022-жылдын 13-октябры № 55

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интенсивдүү бакчасын тигүү долбоору жөнүндө

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Кара-Суу айылынын Кайырма каналынын үстү жагынан 1 га кайракы жерге алмурут, кара өрүк, малина, чычырканак сыяктуу  мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интенсивдүү бакчасын тигүү аркылуу экологиялык жактан жана ден-соолукка пайдалуу продукцияларды өстүрүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезектеги 23-сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Суу айылынын Кайырма каналынын үстү жагындагы №1147 контурунда жайгашкан 1 га кайракы жерге алмурут, кара өрүк, малина, чычырканак сыяктуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интенсивдүү бакчасын тигүү аркылуу экологиялык жактан жана ден-соолукка пайдалуу продукцияларды өстүрүү жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.

 

2.Алмурут, кара өрүк, малина, чычырканак сыяктуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интенсивдүү бакчасын тигүү үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы долбоор даярдоо жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б. Самсиев