Редакцияот 27.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХXIIII сессиясы

 

2022-жылдын 27-декабры  № 23-5

Ат-Башы айыл өкмөтүндө мүлк салыгын жыйноо жөнүндө

 

Ат-Башы айыл өкмөтүндө мүлк салыгын жыйноо жөнүндөгү  айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А.Мусаеванын сунушунун негизинде  Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 37-беренесине ылайык  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                          

1.    Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын жыйноо төмөндөгү тизмеге ылайык киргизилсин;

1)    Айыл чарба багытындагы жер салыктары:

-КБФнын ижарага берилген жерлерине,

-Үлүш жерлерге

               2) Калктуу конуштардын айыл чарба багытындагы эмес жерлерине салыктар;

               3) Короо алдындагы жер тилкелерине, физикалык жактарга салыктар;

               4) Унаа салыктары;

               5) Кыймылсыз мүлк салыгы;

               6) Турак-жай эмес мүлк салыгы;

 

2.    Жогорудагы көрсөтүлгөн мүлк салыктарынын өз убагында жыйналып аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А.Мусаевага милдеттендирилсин;

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБдин башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

К. Айдыралиев