Баткен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 19 токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 22-ноябры № 62
Календардык майрамдарды майрамдоолорго убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө
Баткен шаарынын коомдоштугунун жобосуна ылайык, 2022-жылдын 14-сентябрында жана 16-17 сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон каттуу кагылышууда 63 аскерибиздин шейит кеткендигин жана 200 гө жакын жарандарыбыздын жарадар болуп, жүздөгөн тургундарыбыздын үй-жайсыз калгандыгын, шаар тургундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгын эске алып, Баткен шаарынын аймагында облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1.Баткен шаарында облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө 2023-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкү календардык майрамдарды, майрамдоого чектөө киргизилсин:
1. “Балаты -2022” майрамы;
2. “Нооруз -2023” майрамы; (элдик сейилдөө менен чектелсин)
3. Кесиптик күндөрдө маданий оюн-зоок уюштуруу;
5. 8-март аялдардын Эл аралык тилектештиги күнү;
6. Акыркы коңгуроо салтанаттары;
7. 1-июнь Балдардын Эл аралык күнү:;
8. 9-май Улуу Жеңиш майрамы;
9. 31-август Эгемендүүлүк күнү;