Редакцияот 21.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

2022-жылдын 21-ноябры № 7/4

Көк-Жар айыл аймагына караштуу жаңы ФАП (фелдшердик акушердик пункту) салуу жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагына  жаңы ФАП (фелдшердик акушердик пункту) салуу үчүн, Көк-Жар айылынын жашоочусу 02.05.1986-жылы туулган Нуралиев Эрик Нуралиевич өзүнө тиешелүү, мурдагы эски гараждагы 0,10 га жерин элге жардам катары өз макулдугу менен айыл өкмөттүн карамагына белекке берип жаткандыгына байланыштуу   Көк-Жар айылдык кенеши

 

токтом кылат:

 

1. Көк-Жар айыл аймагынын  тургуну Нуралиев Эрик Нуралиевич өзүнө тиешелүү 0,10 га жер участогу айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын, райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан бүткөрүү  милдеттендирилсин.

2. Белекке өткөн жерге  Көк-Жар айылын ФАП (фелдишердик акушердик пункт) куруу жагы, документерин бүткөрүү  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси Касмакун уулу Адилетке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сабыржановго тапшырылсын.

 .

Төрага:

А. Кадыракунов