Редакцияот 13.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 17–сессиясы

 

2022-жылдын 13-декабры № 2

Казан-Куйган айыл айылдык аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Казан-Куйган » суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Усупов Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысын угуп

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Казан-Куйган» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын

2. Усупов Казыбек Сырымбетович айыл өкмөтүнүн башчысы:

1)  «Казан-Куйган» суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү кабыл алуу-берүү актын түзсүн.

2)  « Казан-Куйган » суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык  курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында  каттасын.

З) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине  камтысын.

З. Ушул Казан-Куйган айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-декабрындагы 17-сессиясынын № 2 токтомун  Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Шаарбек уулу Бекназар