Редакцияот 01.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 1-апрели № 15/6-28

Юрьевка айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын салганга жер тилкесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  21.10.2021-ж. № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамынын 18 б., 4 п. негизинде , жана Юрьевка айыл аймагынын социалдык-экономикалык  планын аткаруу максатта  Юрьевка айылдык кеңеш

Токтом кылат:

 

1. Юрьевка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган, Юрьевка айылы,, Советская көчөсү,  номер 95, адресте жайгашкан – 10062,11 м.2 чарчы жерге Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын салууга уруксат берилсин.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына кайрылуу даярдалсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Майлибашевке  жүктөлсүн.

 

Төрага

 

К. А. Толбашиев