Редакцияот 08.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 8-августу № 18/8-28

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жана айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) Юрьевка айыл аймагында катто жөнүндө маселени карап чыгып Юрьевка айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы (АКИА) катталсын.

2  Юрьевка айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын каттоодон өткөрүүгө документтерди даярдоо АКИАнын төрагасы Ш.Х.Аслановко жүктөлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Юрьевка айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча  комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

К. А. Толбашиев