Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
1.1. Балдар иштери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистештирилген орган болуп саналат.
1.2. Комиссия төмөнкүлөрдө түзүлөт:
- райондук мамлекеттик администрациялардын алдында;
- райондук бөлүнүүсү болбогон тиешелүү шаарларда - жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын (мэрия) алдында;
- райондук бөлүнүүсү болгон жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдында.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Комиссия өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүргүзөт.
1.4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.5. Комиссиянын чечими райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органынын тиешелүү токтому менен бекитилет жана тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык органдар, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
1.6. Комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанууга болот.