Редакцияот 22.07.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 22-июлу № 394                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук             районундагы Орок айылдык округунун аймагында              жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы             жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт,            байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер"                     категориясына которуу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Жер кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык  ко-миссия менен макулдашылган,  Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Соку-лук районундагы Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жана  КыргызРеспубликасынын  жараны  И.Ш.Аскарбековго  жеке менчик укугунда таандык4,0 га кайрак айдоону "Айыл чарба  багытындагы  жерлер"  категориясынан"Өнөр жай,  транспорт,  байланыш, коргонуу жана башка багытгагы жерлер"категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.     2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы:     - жерди  эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син;     - "Айыл  чарба  жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алыпкоюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуру-унун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордунтолтуруунун наркынын суммасын жаран  И.Ш.Аскарбековдун  телөшүн  камсызкылсын.     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.       Премьер-министри                                  И.Чудинов