Редакцияот 07.08.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 7-августу № 430                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                Бюджеттик уюмдардын пайдаланылган электр               энергиясы үчүн эсептешүү тартиби жөнүндө      Электр энергиясын пайдаланууга байланышкан чыгымдарды төлөөгө бюд-жеттик уюмдарга  бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарам-жалдуу пайдалануу,  пайдаланылган  электр энергиясы үчүн эсептешүүлөрдүөз убагында  жана  толук камсыз кылуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат:     1. Бюджеттик уюмдардын пайдаланылган электр энергиясы үчүн энерге-тикалык купон менен эсептешүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсинжана ал 2009-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.     2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги энергетикалык купон-дорду даярдоого каражат карасын.     3. Кыргыз  Республикасынын  Финансы министрлиги 2008-жылдын 31-де-кабрына чейин  энергетикалык  купондун үлгүсүн иштеп чыксын жана бекит-син, купондорду даярдасын жана бюджеттик уюмдарга берсин.     4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине жүктөлсүн.       Премьер-министри                                   И.Чудинов