Редакцияот 27.08.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-августу № 478                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        Макаренко атындагы № 6 орто гимназия мектепти жана Навои         атындагы № 18 орто гимназия мектепти Ош шаардык билим               берүү башкармасына өткөрүп берүү жөнүндө      Мектептерде окуу-методикалык ишти жакшыртуу, окуу процессин уюшту-руунун сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле мугалимдер арасында-гы коомдук ишти Ош шаардык билим берүү башкармасы тарабынан координаци-ялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Макаренко атындагы № 6орто гимназия  мектеп жана Навои атындагы № 18 орто гимназия мектеп ма-териалдык-техникалык базалары  жана  курулуштары  менен  Ош мамлекеттикуниверситетинин балансынан  Ош шаардык билим берүү башкармасынын балан-сына өткөрүлсүн.     2. Макаренко  атындагы № 6 орто гимназия мектепти жана Навои атын-дагы №  18 орто гимназия мектепти каржылоо 2008-жылдын 1-июлунан тартыпреспубликалык бюджеттен  Ош  шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылоогокоторулсун.     3. Кыргыз  Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-сынын 2008-жылга  республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына тийиштүү  өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү тууралуусунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.     4. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-декабрындагы №850 "Макаренко  атындагы № 6 орто гимназия мектепти жана Навои атындагы№ 18  орто  гимназия  мектепти Ош мамлекеттик университетинин алдындагыорто гимназия  мектептерге  айлантуу жана ОШМУнун балансына өткөрүү жө-нүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.     5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  билим  берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн.      Премьер-министри                                  И.Чудинов