Редакцияот 09.10.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 9-октябры № 571                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат             министрлигинин алдында Кинематография боюнча                       департамент түзүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2008-жылдын  23-майындагы №171 "Кыргызкино"  Улуттук  концерни  жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондойэле Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ишмер-дигин өркүндөтүү  жана  натыйжалуулугун  жогорулатуу  максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Маданият  жана маалымат министрлигининалдында юридикалык  жактын статусу менен Кинематография боюнча департа-мент түзүлсүн.     2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:     - эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалыматминистрлигинин жобосунун долбоорун жана башкаруу схемасын, Кинематогра-фия боюнча  департаменттин  жобосунун,  түзүмүнүн  жана штаттык санынындолбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;     - өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.     3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  билим  берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн.        Премьер-министри                                  И.Чудинов