Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-октябры № 602 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2008/2009-жылдын жылытуу сезонуна даярдоонун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республиканынотун-энергетика комплексинин ишканалары 2008/2009-жылдын жылытуу сезо-нуна даярдануу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүшкөнүн белгилейт. Ошондой болсо да, суу аз келгенине байланыштуу Токтогул суу сакта-гычындагы суунун дењгээли төмөн бойдон калууда. Күз-кыш мезгилден ишеничтүү чыгуу максатында көмүрдүн керектүү кө-лөмүн алып келүү камсыздалууда, үч фазалуу туташууларды ажыратуу жолуменен 660 МВт электр энергиясын бошотуу боюнча иш уланууда, ошондой элеКазакстан Республикасынан 250,0 млн. кВтс электр энергиясын импорттоожөнүндө макулдашууга жетишилди. Министрликтер, ведомстволор, облустардын мамлекеттик администраци-ялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, бөлүштүрүүчү энергия ком-паниялары электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитин камсыздообоюнча, электр котельныйларды отундун альтернативдүү түрлөрүнө этаптуукоторуу жана энергия менен камсыздоо программасын иштеп чыгуу боюнчатапшырмаларды аткарбай жатышканын белгилей кетүү зарыл. Иш жүзүндө болуп жаткан абалды эске алып жана 2009-жылдын 1-апре-лине карата Токтогул суу сактагычында суунун пландалган дењгээлин сак-тоо үчүн, 2008/2009-жылдын күз-кыш мезгилинде республиканын отун-энер-гетика комплексинин ишеничтүү иштешин камсыздоо максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөрдүн иштери канааттанарлык эместиги белгиленсин: - облустук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарла-рынын, бөлүштүрүүчү энергиялык компаниялардын электр энергиясын керек-төөнүн белгиленген лимитин сактоо боюнча, электр котельныйларды отундунальтернативдүү түрлөрүнө этаптуу которуу жана региондордо энергия мененкамсыздоо программасын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча; - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарынынТЭЦинде электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү боюнча. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети төмөнкүлөргө карата тартиптик жаза чараларын колдонуужөнүндө сунушту директорлор кењешинин кароосуна киргизсин: - "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр", "Жалал-Абадэлектр" ачык акционердик коомдорунун башкы директорлоруна керектөөнүнбелгиленген лимитинен ашкандык, үч фазалуу туташтырууну жылытуу жанаысык суу менен камсыздоо максатында пайдаланган абоненттерди ажыратуунуөз убагында бүтүрбөгөндүк, тиричиликте керектөөчүлөрдү уруксат берилгенкубаттуулукту тактап, электр энергиясы менен жабдууга контракттардыкайра түзүү боюнча иштерди аяктабагандык үчүн; - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунаБишкек шаарынын ТЭЦинин пландагы жүктөмдүк тапшырмасын аткарбагандыкүчүн. 3. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын жанаэнергия компанияларынын башкы директорлоруна электр энергиясын керек-төөнүн белгиленген лимитин сактоо боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министрлиги: - "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бирдикте Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 31-июлундагы № 416 "КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 9-апрелиндеги № 135 "Токтогул суусактагычында зарыл болгон суунун көлөмүн топтоо жана Кыргыз Республика-сынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкымезгилине даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруунун жүрүшүтууралуу" токтомуна ылайык Бишкек шаарынын ТЭЦинин пландагы жүктөмдүалуу боюнча тапшырмасы кынтыксыз аткарылышын камсыздасын; - бөлүштүрүүчү энергиялык компаниялар менен бирдикте төмөнкүлөрдүкамсыздасын: бошотулчу электр энергиясынын региондор боюнча көлөмдөрүн, тирке-меге ылайык; интернат үйлөрдүн, төрөт үйлөрдүн, психикалык-неврологиялык интер-нат үйлөрдүн, ооруканалардын жана окуу жайлардын электр энергиясы мененүзгүлтүксүз камсыздалышын, мында аталган объекттерди жылытуудан жанаысык суу менен камсыздоодон ажыратпасын; - тиричиликтен башкага керектөөчүлөр (анын ичинде бюджеттегилер)үчүн электр энергиясын өткөн жылдагы иш жүзүндө керектөөнүн 30 процентиэсебинде чектөө менен лимиттерди белгилесин; - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунаэнергиялык компаниялар сутка ичиндеги сааттык графикте бекитилген ке-ректелчү кубаттуулукту сактабаган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттукэнергетика системасында электр энергиясын (кубаттуулукту) өчүрүүнүн(чектөөнүн) графиктерин иштеп чыгуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндөнускамага ылайык күз-кыш мезгилде керектөөчүлөрдү камсыздоо борборлору-нан (жогорку чыњалуудагы трансформатордон) өчүрүүнүн графиктерин колдо-нууга уруксат берилсин. Мында электр энергиясынын керектелишин күн сай-ын мониторингдөөнү жана ал жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоону камсыз-дасын; - 2008-жылдын 10-ноябрына чейинки мөөнөттө жылытуу жана ысык сууменен камсыздоо максатында иштетилчү электрдик жабдууларды өз эркинчекошкондук үчүн финансылык санкцияларды көбөйтүү маселесин карасын; - керектөөчүлөр жабдууларды өз эркинче туташтыруусун болтурбооүчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцияэлектр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимити сакталышын такай конт-ролдошун камсыздасын; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана КыргызРеспубликасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте Газ чарба-сындагы коопсуздуктун эрежелерине ылайык коомдук тамактануу жайларындасуюлтулган газ жана көмүр пайдаланууга аларды пайдалануунун коопсузду-гуна контролду камсыздоо менен уруксат берсин. 5. Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча республикалыкштаб ысык суу менен камсыздоо жана жылытуу максатында электр энергиясынпайдаланууга чектөө коюлчу юридикалык жактардын, өкүлчүлүктөрдүн жанафилиалдардын, жеке ишкерлердин тизмелерин райондор боюнча түзсүн. 6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын, облустук мам-лекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынынжетекчилери котельныйларды отундун альтернативдүү түрлөрүнө этаптуу ко-торуу боюнча ишти тездетишсин. 7. Райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардынмэрлери, шаар башкармаларынын жана айыл өкмөттөрдүн башчылары: - ведомствого караштуу аймактарда жарыктандырылган жарнамалык так-таларды жана көрнөктөрдү өчүрүшсүн, көчөнү жарыктандыруунун жалпы көлө-мүн азайтышсын; - элдин, ошондой эле уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын же-текчилеринин арасында энергияны үнөмдөө жана ГОСТко ылайык келбегенэлектрдик жылытуучу приборлорду пайдаланууга убактылуу тыюу салуунунзарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн; - бөлүштүрүүчү энергиялык компаниялардын райондук подразделениеле-ри менен бирдикте электр энергиясынын лимиттерин бөлүштүрүшсүн жанасакташсын. 8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги энергетика компа-нияларына бул токтомду аткаруу боюнча ар тараптан жардам көрсөтсүн. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-ринчи вице-премьер министрине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов