Редакцияот 10.11.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-ноябры № 618                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды         чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби                    жөнүндө жобону бекитүү тууралуу      Баалуу кагаздардын  рыногун өнүктүрүү, региондордун социалдык-эко-номикалык өнүгүүсүн  тездетүү  үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарын кошумча финансылык ресурстар менен камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу,жайгаштыруу, жүгүртүү  жана тындыруу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бе-китилсин.     2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык баалуукагаздарды чыгарууда  жогоруда  аталган Жобону жетекчиликке алуу сунуш-талсын.     3. "Кыргыз  Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруужана жүгүртүү жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн  2002-жылдын 8-октябрындагы № 692 токтому күчүн жо-готту деп табылсын.     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын  экономика,  соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов