Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 5-декабры № 673 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ KFW банкынын (Германия) кредити боюнча "Мата" акционердик коомунун карызын кайтарып берүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө "Мата" акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана анынтуруктуу иштешине түрткү берүү, ошондой эле заемдук каражаттардын кай-тарылып берилишин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Мата" акционердиккоомунун 140221,79 евро суммасындагы карызын кайтарып берүү мөөнөтүнтөмөнкүдөй шарттарда узартсын: - 125900,51 евро суммасындагы негизги карызды ар бир айлык өсүүчүтөлөмдөр менен 2010-жылдын 1-сентябрынан тартып 2022-жылдын 1-декабрыначейин жоюуну белгилесин; - 2007-жылдын 1-сентябрына карата 12373,26 евро суммасындагы мөө-нөтү өткөн карызды жоюу жана 1948,02 евро суммасында 2007-жылдын 1-сен-тябрынан тартып 2007-жылдын 31-декабрына чейин эсептелүүгө тийиш болгонпроценттерди 2010-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 1-декабрыначейин жоюу мөөнөтүн белгилесин; - негизги карыздын төлөнбөгөн суммасына эсептелүүчү жылдык 3 (үч)процент өлчөмүндө кредитти пайдалануу үчүн акыны белгилесин; - негизги сумма боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөр жана проценттер бол-со мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынан жылдык 6 процент өлчөмүндө айыпсанкциясын белгилесин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Мата" акционердиккоому менен бир айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык KFW банкынын (Гер-мания) кредити боюнча 1995-жылдын 28-декабрындагы № 11 Карыздык милдет-тенмеге жана "1995-жылдын 28-декабрындагы № 11 Карыздык милдеттенмеге"өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2000-жылдын 20-апре-линдеги Макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү тариздесин,ошондой эле "Мата" акционердик коому тарабынан кредиттин кайтарылышынгарантиялоочу кошумча күрөөлүк камсыздоонун берилишин кароочу 2000-жыл-дын 30-ноябрындагы Күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизсин. 3. Бул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө шарттар аткарыл-баса, карызды кайтарып берүү мөөнөтүн узартуу күчүн жогото тургандыгыбелгиленсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана өнөр жайбөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов