Редакцияот 11.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-декабры № 686                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы       Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл        чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын,          транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана         башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Жер кодексинин 20-статьясына жана "Жер ка-зынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү туу-ралуу"  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №261 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууга жер  участокто-рун  берүү  жөнүндө  жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат:     1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык  ко-миссия менен макулдашылган,  Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл-дык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жарандарыА.К.Исаковага - 1,1 га,  В.К.Жапаркуловага - 1,6 га, К.Б.Жапаркуловго -1,0 га жана Р.А.Дуйшеналиевага - 1,0 га жеке менчик  укугунда  таандык,жалпы аянты 4,7 га кайрак айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" кате-гориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлерижана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабылалынсын.     2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы:     - жерди  эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син;     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы №66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюу-га  байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунуннаркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен  белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордунтолтуруунун наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын  жогоруда  аталганжарандары төлөшүн камсыз кылсын;     - долбоордук-сметалык документтерди макулдашууну жана аларга  экс-пертиза  жүргүзүүнү колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык кам-сыз кылсын.     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов