Редакцияот 25.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 25-декабры № 720                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ           Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу        мамлекеттердин Монополияга каршы саясат боюнча мамлекет       аралык кењешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу                           өкүлдөрү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Көз  карандысыз  Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет-тердин Монополияга каршы саясат боюнча мамлекет аралык кењешиндеги Кыр-гыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр дайындал-сын:     - Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин  дирек-тору;     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы  сая-сат  жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин дирек-торунун орун басары.     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-сентябрындагы №576 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердинМонополияга каршы саясат боюнча мамлекет аралык кењешиндеги Кыргыз Рес-публикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө"  токтому  күчүн  жоготтудеп табылсын.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов