Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                               КР Өкмөтүнүн            2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомуна ылайык                               КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 30-декабры № 732

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

            Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин

            жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                 айрым чечимдерине толуктоолорду жана

                    өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

                            (КР Өкмөтүнүн              2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомунун                           редакциясына ылайык)

     Мамлекеттик менчикти  менчиктештирүү жагындагы нормативдик укуктук

актыларды өркүндөтүү максатында Кыргаз  Республикасынын  Өкмөтү  токтом

кылат:

     1. (КР Өкмөтүнүн  2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

     2. (КР Өкмөтүнүн  2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

     3. "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында  мамлекеттик  мүлктү

менчиктештирүү  программасы  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын   17-сентябрындагы   №   518   токтому   менен   бекитилген

2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктеш-

тирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

     - 4.3-бөлүмдө:

     биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын;

     төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

     "Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу объекттерди жана алардын  ак-

цияларынын  мамлекеттик пакетинин өлчөмүн мамлекеттик мүлктү менчиктеш-

тирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

     Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу стратегиялык маанидеги объект-

терди жана алардын акцияларынын мамлекеттик  пакетинин  өлчөмүн  Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү аныктайт".

     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика,  соода,  туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов