Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 6-майы № 275 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган Техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар жагында Евразиялык экономикалык коомдоштуктун маалыматтык системасын түзүү жөнүндө макул- дашууну бекитүү тууралуу Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасы-нын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-замдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган Техника-лык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар жагында Еврази-ялык экономикалык коомдоштуктун маалыматтык системасын түзүү жөнүндөтиркелген макулдашуу бекитилсин. 2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жана КыргызРеспубликасынын тиешелүү министрликтери менен ведомстволору ушул Макул-дашууну жетекчиликке алышсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордуКыргыз Республикасынын аткарганы тууралуу ЕврАзЭСтин Интеграциялык ко-митетине билдирсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги-не жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов