Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 20-майы № 314 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 12-сентябрында Москва шаарында кол коюлган "Товар алар орун алган өлкөдөн чыгарылган деп эсептелүүчү шарттардын, өндүрүштүк жана технологиялык операциялардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин Чечимин бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
Мыйзамына ылайык, 2008-жылдын 12-сентябрында Москва шаа-рында кол коюлган "Товар алар орун алган өлкөдөн чыгарылган деп эсепте-лүүчү шарттардын, өндүрүштүк жана технологиялык операциялардын тизмеси-не өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктеш-тигинин Экономикалык кењешинин Чечиминин 2-пунктуна ылайык ички мамле-кеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. 2008-жылдын 12-сентябрында Москва шаарында кол коюлган "Товаралар орун алган өлкөдөн чыгарылган деп эсептелүүчү шарттардын, өндүрүш-түк жана технологиялык операциялардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө" Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кење-шинин тиркелген
Чечими (мындан ары - Чечим) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына Кыргыз Респуб-ликасында чыгарылган товарларды күбөлөндүрүүчү сертификаттарды берүүдөаталган Чечимди жетекчиликке алуу сунуш кылынсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Чечимдин күчүнөкириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Респуб-ликасы аткаргандыгы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттер ШериктештигининАткаруу комитетине кабарласын. 4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ап-паратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов