Загрузка документа…
2009-жылдын 25-июлу N 470
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл округунун калктуу конуштарынын аймактарынын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл округунун аймагында жайгашкан айылдардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл округунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 43,0 га сугат айдоону, анын ичинде орто мектеп жана бала бакча куруу үчүн 4,4 га жана жеке турак жай куруу үчүн -38,6 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер участокторго укуктарды берүү жана шаар куруу документтери белгиленген тартипте бекитилгенден кийин аларды бөлүү сунушталсын.
4. Бул токтомдун ажарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри И.Чудинов