Редакцияот 16.06.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 13-июну № 374                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                "Чоњ-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш                паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө      Кен казуу  тармагына инвестицияларды тартуу жана Чүй облусунун Ке-мин районунда  геологиялык  чалгындоо  жана кен казуу иштерин өнүктүрүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Чоњ-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркына тиешелүү жер-лердин курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:     - "Ак-Түз" участогу;     - "Окторкой" участогу;     - төмөнкү чектерден чыгыш тарапта жайгашкан жерлер:     чек аранын  чыгыш участогу Иле Ала-Тоосунун кырында жайгашкан 4029белгиси бар  бийиктиктен башталат жана тоо кыркасы боюнча батыш багыттаБасыжай суусунун  башатына  чейин барат жана андан ары анын нугу боюнчаЧоњ-Кемин суусуна  куйганга  чейин  жетет. Андан ары Чоњ-Кемин суусунуннугунун агымы  боюнча  жогору карай ага сол куймасы Койсуу суусуна куй-ганга чейин  өтөт.  Андан ары нук боюнча ушул суунун агымы менен жогорукетип анын сол куймасынын нугу боюнча Күњгөй Ала-Тоо кыркасынын кырындажайгашкан 4337 м белгиси бар бийиктигине чейин барат.     2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө  караштуу  Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамле-кеттик агенттик  жана  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:     - "Чоњ-Кемин"  улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын жерин эсепкеалуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин;     - "Чоњ-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын жањы чек ара-ларын сүрөттөп жазууну ушул токтомдун 1-пунктунда аталган, анын карама-гынан бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен жүргүзүшсүн жана Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизишсин.     3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-төлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов