Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 8-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Мамлекеттик башкаруунун секторунун бул Эсеп саясатында (мындан ары- Эсеп саясаты) финансылык отчеттуулукту даярдоо жана берүүнүн конкреттүү принциптери, негиздери, макулдашуулары, эрежелери жана практикасы белгиленген.
Ушул Эсеп саясатынын максаттары үчүн мамлекеттик башкаруунун Сектору өзүнө мамлекеттик органдарды, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, тиешелүү бюджеттин каражаттарынан эсебинен каржылана турган алардын ведомство алдындагы уюмдарын, мекемелерин камтыйт.
Эсеп саясаты мамлекеттик башкаруу секторунун бардык бюджеттик мекемелери тарабынан колдонулат (мындан ары- мекемелер).
Таануу, андан аркы эсеп, таанууну токтотуу, бухгалтердик эсептин регистриндеги операцияларды жана окуяларды баалоо жана классификациялоо ушул Эсеп саясатынын талаптарына ылайык келиши керек.
Жалпы багыттагы финансылык отчеттуулук (мындан ары- финансылык отчеттуулук) өзүлөрүнүн өзгөчө маалыматтык керектөөлөрүнө жооп бере турган отчеттуулукту талап кылууга мүмкүнчүлүгү болбогон пайдалануучулардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары- Финансы министрлиги) менен макулдашуу боюнча мекемелер алардын спецификасын эске алган жана ушул Эсеп саясатынын жоболоруна каршы келбеген нускамаларды жана процедураларды иштеп чыгууга укуктуу.
Финансы министрлиги ушул Эсеп саясатын колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.
Операцияга же окуяга түздөн-түз колдонууга боло турган ушул Эсеп саясатына конкреттүү талаптын жоктугунда мындай саясатты Финансы министрлиги аныктайт. Ошол эле учурда мындай Эсеп саясаты финансылык отчеттуулукта орундуу жана ишенимдүү маалыматты берүүнүн камсыз кылуусу керек.
Финансылык отчеттуулукту даярдоодо кошуп эсептөө принциби колдонулат. Кошуп эсептөө принцибине ылайык, операциялар жана башка окуялар акча каражаттары жана алардын башка эквиваленттери алынган же төлөнгөн моментте эмес, алардын болуп өтүү фактысы боюнча таанылат. Кошуп эсептөө принцибин пайдаланууда беренелер активдер, милдеттенмелер, капиталдар, кирешелер жана чыгымдар катары алар качан таануунун белгиленген аныктамаларына жана критерийлерине ылайык келгенде гана таанылат.
Кошуп эсептөө принциби боюнча даярдалган финансылык отчеттуулук ушул отчеттуулукту түзүп жаткан мекеменин ишмердигинин үзгүлтүксүздүгү жөнүндөгү жол берүүнүн негизинде түзүлөт.