Бишкек шаары2010-жылдын 7-майы УӨ № 34 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Курман болгон журналист Павлюк Геннадий Георгиевичтин үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам берүү жөнүндө Өзүнүн калеми жана сөзү менен үй-бүлөлүк жана кландык башкаруунун,коррупциянын бетин ачып, Кыргызстандын демократиялык келечеги үчүн кур-ман болгон журналист Павлюк Геннадий Георгиевичтин үй-бүлөсүнө матери-алдык колдоо көрсөтүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле анын респуб-ликадагы көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын калыптанышы-на кошкон салымын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтү токтом кылат: 1. Курман болгон журналист Павлюк Геннадий Георгиевичтинүй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлиги бир айлык мөөнөттө 1000000 (бир миллион) сом суммадакошумча финансылык каражат тапсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине кошумча бөлүпберсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуумамлекеттик агенттиги акча каражатты курман болгон журналист ПавлюкГеннадий Георгиевичтин үй-бүлөсүнө ушул токтомдун 1-пунктуна ылайыктөлөп берсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн социалдык саясат боюнча координатору Э.С.Ибраимова-га тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева