Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 15-августундагы № 57 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
2021-жылдын 15-февралы № 41
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 22-беренелерине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жол-жобосун унификациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.2. Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниетин билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар ушул Жобонун 2.1-пунктунда белгиленген мөөнөттө төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн;
- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
- маалымат жана массалык коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгө уруксат берген документтердин көчүрмөсүн;
- эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар. Мында эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
Жалпыга маалымдоо каражаты ошондой эле жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүнүн тизмесин жана электрондук варианттагы арызда камтылган башка маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук почтасына жөнөтөт.".