КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-июлу № 610
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Сузак, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Сузак, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Сузак, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-июлундагы № 610 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Кызыл-Туу айылдык | Омурзаков Майсалбек Чокмокович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 126/1, 28.06.2021-ж. |
2 | Кара-Дарыя айылдык | Караев Нурбек Адилбекович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 126/3, 28.06.2021-ж. |
3 | Көк-Жаңгак шаардык | Замирбеков Баяман Замирбекович (№ 7) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Мэр болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 126/5, 28.06.2021-ж. |
4 | Сузак айылдык | Абдурашидов Бекзад Абдурашидович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 126/7, 28.06.2021-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
5 | Кызыл-Кыя шаардык | Маткалыков Асилбек Жоробаевич (№ 1) ("Ыйман Нуру" деп. фракциясы) | Жеке арызы | № 54, 02.07.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
6 | Кыргыз-Ата айылдык | Эшполотов Мухаммед Эшполотович | Жеке арызы | № 50, 03.06.2021-ж. |
7 | Ынтымак айылдык | Жоробеков Нурбек Абдуназарович | Жеке арызы | № 50, 03.06.2021-ж. |
8 | Көк-Жар айылдык | Асанбаев Нурдин Турсунбаевич | Жеке арызы | № 50, 03.06.2021-ж. |
9 | Эргешов Рахматали Усанбаевич | Жеке арызы | № 50, 03.06.2021-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
10 | Көк-Мойнок айылдык | Куланбаев Таалайбек Асангариевич | Жеке арызы | № 25, 02.06.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-июлундагы № 610 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Кызыл-Туу айылдык | Абдыкадыров Бейкут Алишерович | Жеке ишкер | № 126/2, 28.06.2021-ж. |
2 | Кара-Дарыя айылдык | Караев Эсен Шабданбекович | Жеке ишкер | № 126/4, 28.06.2021-ж. |
3 | Көк-Жаңгак шаардык | Тансыков Мирлан Анварович (№ 11) ("Ата-Журт Кыргызстан" с/п) | Жеке ишкер | № 126/6, 28.06.2021-ж. |
4 | Сузак айылдык | Абдужаминов Азизбек Азамжанович | Жеке ишкер | № 126/8, 28.06.2021-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
5 | Кызыл-Кыя шаардык | Кыпчаков Бакытбек Жеңишбекович (№ 7) ("Ыйман Нуру" с/п) | Н.Мусаев атындагы № 8 КЛ, өндүрүштүк окутуу боюнча башкы мастери | № 54, 02.07.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
6 | Кыргыз-Ата айылдык | Асанов Айбек Бакытбекович | "Кадастр" ММ, адиси | № 50, 03.06.2021-ж. |
7 | Ынтымак айылдык | Саитов Жакшыбек Эсеналиевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 50, 03.06.2021-ж. |
8 | Көк-Жар айылдык | Арапов Расулбек Турганбаевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 50, 03.06.2021-ж. |
9 | Боронов Максатбек Куватович | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 50, 03.06.2021-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
10 | Көк-Мойнок айылдык | Кыдырмаева Арчагүл Сагындыковна | "Кадастр" ММ, каттоочу | № 25, 02.06.2021-ж. |