Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 10-январы №4

"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердигин натыйжалуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-пункттун экинчи абзацындагы "орун басары болот, ал" деген сөздөр "биринчи орун басары жана орун басары болот, алар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов