Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 14-ноябрындагы N 139 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
2021-жылдын 15-ноябры № 786
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августунун № 103 конституциялык Мыйзамына ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө Жобо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун преамбуласында "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18-беренелерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө" Жободо:
- 5-пункт:
төмөнкү редакциядагы 11-пунктчасы менен толукталсын:
"11) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиялары (мындан ары - округдук шайлоо комиссиялары);";
төртүнчү абзацында "Саясый партиялар" деген сөздөр "Талапкерлер, саясый партиялардын талапкерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Талаптарды аткарбай койгон же талаптагыдай эмес аткарган, ага тете мыйзамдарда белгиленген мөөнөт бузулган учурда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, талапкерлер, саясый партиялардын талапкерлери, башка коммерциялык эмес уюмдар жана башка юридикалык жактар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.";