Редакцияот 07.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ  БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2022-жылдын 7-марты № 27

 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак, Баткен, Өзгөн, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Сузак, Баткен, Өзгөн, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сузак, Баткен, Өзгөн, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.

2. Сузак, Баткен, Өзгөн, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

4. Сузак, Баткен, Өзгөн, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шайлдабекова

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 7-мартындагы № 27 токтомунун 1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Сузак району

1

Атабеков айылдык кеңеши

Икрамов Рахмидин Нозимжанович

Өз арызы

№ 4,

1.03.2022-ж.

Баткен облусу

Баткен району

2

Суу-Башы айылдык кеңеши

Жоробаев Маадали Атамалиевич

Өз арызы

№ 36,

4.03.2022-ж.

Ош облусу

Өзгөн району

Өзгөн шаары

3

Өзгөн шаардык кеңеши

Толипов Абытжан (№ 8) ("КЭДП" деп. фракциясы)

Өз арызы

№ 2,

03.03.2022-ж.

4

Абдурахманов Хатамжан Омаралиевич (№ 11) ("КЭДП" деп. фракциясы)

Өз арызы

№ 2,

03.03.2022-ж.

Ноокат району

5

Т.Зулпуев айылдык кеңеши

Аматжанов Медетбек Жунусалиевич

Өз арызы

№ 1,

28.02.2022-ж.

6

Көк-Жар айылдык кеңеши

Суюнбаев Амирбек Саттарович

Өз арызы

№ 1,

28.02.2022-ж.

Талас облусу

Талас району

7

Көк-Ой айылдык кеңеши

Искакова Макен Садыралиевна

Өз арызы

№ 3,

18.02.2022-ж.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 7-мартындагы № 27 токтомунун 2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Сузак району

1

Атабеков айылдык кеңеши

Бахрабаев Искендер Осмонович

"Доктор Элхан", клиникасы, тиш техниги

№ 5,

1.03.2022-ж.

Баткен облусу

Баткен району

2

Суу-Башы айылдык кеңеши

Ирискулов Мадимар Саттарович

Убактылуу иштебейт

№ 36,

4.03.2022-ж

Ош облусу

Өзгөн району

Өзгөн шаары

3

Өзгөн шаардык кеңеши

Салиев Бехзод Баходирович (№ 13) ("КЭДП" саясий партиясы)

Жеке ишкер

№ 3,

03.03.2022-ж.

4

Дадажанов Исакжан Исраилович (№ 14) ("КЭДП" саясий партиясы)

Өзгөн райондук жалпы дарыгердик практикалык борбору, тиш дарыгери

№ 3,

03.03.2022-ж.

Ноокат району

5

Т.Зулпуев айылдык кеңеши

Маматраимов Бексултан Рустамович

"Искендер" дыйкан чарбасынын мүчөсү

№ 1,

28.02.2022-ж.

6

Көк-Жар айылдык кеңеши

Мамасалиев Асан Абдуллаевич

"Абдулла" дыйкан чарбасынын мүчөсү

№ 1,

28.02.2022-ж.

Талас облусу

Талас району

7

Көк-Ой айылдык кеңеши

Жуманбеков Анаркул Баянович

Момункулов Казак атындагы Таш-Төбө орто мектеби, мугалим

№ 4,

1.03.2022-ж.