Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июлундагы № 592 токтому менен бекитилген |
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 2, 2024-жылдын 5-июлундагы № 77, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 77 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (мындан ары - Жарандык билим берүү борбору) жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук маданиятын көтөрүү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу жаатындагы иштерди уюштуруу, координациялоо жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан уюштурулган.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык билим берүү борборунун уюштуруучусу болуп саналат.
3. Жарандык билим берүү борбору коммерциялык эмес уюм, уюштуруучулук-укуктук формасында "мекеме" болуп саналат.
4. Жарандык билим берүү борбору юридикалык жак болуп саналат, өзүнчө баланска ээ, банк мекемелеринде учурдагы, эсептик жана башка эсептерди ача алат, төгөрөк герб түшүрүлгөн мөөрү, бурчтук штампы, фирмалык аталыштагы жана башка реквизити бар өзүнүн штамптары, мөөрлөрү, бланктары болот.
5. Борбордук толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: - "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору";
- расмий тилде: - "Центр гражданского образования и избирательных технологий Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики".
Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: - "Жарандык билим берүү борбору" мекемеси;
- расмий тилде: - учреждение "Центр гражданского образования".
6. Жарандык билим берүү борборунун мүлкү негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле башка мүлктөр жана материалдык баалуулуктар болуп саналат. Мүлккө, ошондой бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынгандарга карата Жарандык билим берүү борбору ыкчам башкаруу укугун ишке ашырат.
Ыкчам башкаруу укугунда Жарандык билим берүү борборунун пайдалануусунда турган мүлктүн эч бир бөлүгү Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз ээликтен чыгарылууга же башка уюмдун же юридикалык жана жеке жактын ээлигине, пайдалануусуна же болбосо тескөөсүнө берилүүгө тийиш эмес.
7. Жарандык билим берүү борбору Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине Жарандык билим берүү борборунун карамагына кирген маселелер боюнча көмөктөшөт, ошондой эле жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде эркин, атаандаштыктагы, мезгилдүү шайлоолорду жана демократиялуу референдумдарды өткөрүүгө көмөктөшөт.