Редакцияот 22.01.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 2009-жылдын 22-январы №36

"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 204 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-сентябрындагы №498 токтомуна жана "Кыргызстан аба жолдору" ачык акционердик коомунун банкрот болуусун таануу жөнүндө Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 11-сентябрындагы №ЭД-809/07мбс9 чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүңдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы №157 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктуңдагы "башкармалыктарын" деген сөз "департаменттерин" деген сөзгө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасында:

"Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар башкармалыгы (бюджет)" деген позиция "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар департаменти (бюджет)" деген позицияга алмаштырылсын;

"Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучусу" акционердик коому (чарбалык эсеп)" деген позиция алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов