Редакцияот 10.06.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 10-июну ПЖ № 269

В.А.Серовду, А.К.Кулматовду мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

Республиканын жеңил өнөр жай жаатында сиңирген эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер"

деген ардактуу наам берилсин:

Серов Владимир Александровичке                                                                                            - Биргелешкен кыргыз-казак-америка "Булгаары" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Кулматов Абдиллпатта Калмурзаевич                                                                                       - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Динамо" кийим тигүү фабрикасынын директору.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев