Редакцияот 10.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 10-декабры ПЖ № 568

Т.К.Жусубалиев, Т.Суранбаев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына,  84-беренесинин 1-, 4-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кынтыксыз эмес жүрүм-туруму жөнүндө чечимдерин эске алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр:

 - Баткен облустук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Жусубалиев Табылды Кудайбердиевич - Кыргыз  Республикасыны жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

 - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Суранбаев Турдубек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев