Редакцияот 10.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 10-декабры ПЖ № 570

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын  22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:

 - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Конгантиева Зарема Камбаралиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна;

 - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна;

 - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сулайманова Айнура Эртабылдиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Москва райондук сотуна;

 - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Токтогулова Гулзада Токторбаевна Баткен облустук сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев