Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
2010-жылдын 28-январы ПЖ №19
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө
Бул Жарлыктын аткарылышы тууралу КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы N 44 токтомун караңыз
Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгынын урматына, ошондой эле кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн баатырдыгын жана каармандыгын ызааттап,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөргө бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул бөлүнсүн:
- Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек аскерине) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган адамдарга - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпулду төлөө үчүн зарыл акча каражаттарын тапсын.