Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ N 204 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2010-жылдын 15-февралы ПЖ № 50

Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2011-жылдын  3-июнундагы ПЖ N 133 Жарлыгына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесине ылайык, кылмыштын экономикалык түрлөрүнө каршы күрөшүүнү натыйжалуу уюштурууга дем берүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:

- 8-пункттагы "527", "204", "323" деген сандар тийиштүү түрдө "597", "214", "383" деген сандар менен алмаштырылсын.

2. (КР  Президентинин  2011-жылдын 3-июнундагы ПЖ N 133  Жарлыгына

ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын штаттык санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;

- өзүнүн бардык чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматына жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев