Редакцияот 27,09,2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 27-сентябры ПЖ № 205

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин оптималдаштыруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган Жарлыктын 2-тиркемесинин 4-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 1-октябрында № 90 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева